Оштун тургуну ооруканадан качып унаа уурдап, кайра ордуна барып жатып алган

320

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы унаа уурдоого шектелген 20 жаштагы Бектурганды (ысымы өзгөртүлдү) кармашты. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргенин “Турмуш” басылмасы билдирди

Маалыматка ылайык, 7-мартка караган түнү Ош шаарынын Кулатов кичи районунун тургуну токтотуп койгон жеринен «Мерседес» үлгүсүндѳгү жеңил унаасын таппай калган. Ал милицияга арыз жазып, ошол эле күнү аталган автоунаа Ош шаарынын четинен табылган.


Кечинде Ош шаарындагы ооруканалардын биринен уурулукка шектүү катары Алмалык айылынын 1999-жылы туулган тургуну колго түшкөн. Шектүү мурда дагы ушундай эле кылмыш иши менен Жалал-Абад шаарында жазага тартылгандыгы аныкталды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, шектүү ооруканалардын биринде дарыланып жатып, 6-март күнү ооруканадан чыгып кеткен. Сырттан ичимдик ичип, түндө мас абалда «Мерседес» унаасынын эшигин ачып, айдап кеткен. Эртеси унааны шаардын чет жагына таштап, кайра ооруканадагы ордуна барып жатып алган. Учурда тергѳѳ иштери уланууда. Ал эми шектүү Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь