Фейсбук колдонуучусу Жанара Муратова Баткендеги кырдаал боюнча билдирүү жазып, коомчулукту сабыр сактоого чакырды. Анын айтымында, Баткенде буга чейин дагы конфликттер болуп келген.

Кечээ дагы жаңжал чыгып, азыр эки өлкө ортосунда тийиштүү бийлик сүйлөшүү кылып, жаңжалды басып, токтотуп жатат. Ошондуктан, “тургула, аттангыла, келе калгыла, мынтыгыңды алып чык!”-деп чакырык жасап, элли козуткан пост жазгандар абайласаңар! Эмне согуш каалап жатасыңарбы? Согуш эмне экенин билесиңерби, канча бей күнөө адамдар өлүп, канча көз жаш төгүлөт?” деп жазган

Интернет колдонуучуларын кызуу кандуулукка алдырбай, учурдагы абалды баамдап туруусун сунуштады

Эске салсак кечээ, Тажикстандын Ворух анклавынын тургундары Кыргызстандын Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушун токтотуу талабы менен чогулушкан.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, Ак-Сай—Тамдык көз карандысыз жолун куруу үчүн техникалар бара жатканда тажик тараптан адамдар келип, таш менен урушкан. Ошондой эле тажик тарап чек арачылардын дагы кызматтык унаасынын айнегин таш менен сындырып салышкан.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: