Сириядагы жаңжалга катышкан Ош облусунун тургуну кармалды

313

Эл аралык издөөдө жургөн Ош облусунун тургуну “И.А.Ш” аттуу жаран колго түштү. Маалыматка ылайык, шектүү 8-мартта УКМК ИИМ менен биргеликте жалданма эл аралык террористтик уюмдун согушкерлеринин Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында кармалган

Шектүү жаран 2015-жылы КМШ өлкөлүрүнүн бирине эмгектенүүгө кетип,ЭТУэмиссарларынын көзөмөлүнө түшүп, Сирия Республикасынын өкмөтүнө каршы «джихадга»катышуу максатында Туркияга жана андан нары Сирияга кеткен. Согуштук даярдыктан өткөндөн кийин «И.А.Ш.» жалданмачылык катары куралдуу жаңжалдарга активдүү катышкан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 375-беренеси (Жалданмачылык) боюнча кылмыш иши козголуп издөөгө берилген.

Азыркы убакта кармалган адам КРУКМК Убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Комплекстүү ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө”
деп жазылат маалыматта

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь