Социалдык тармактарда, чыр болуп жаткан чек ара маселеси боюнча саясатчы Адахан Мадумаровдун да аты аталып, колу коюлган документтер чыга баштады. Такталбаган документте чек арага жакын жайгашкан аймак 2009-жылы коңшу өлкөгө 49жылга ижарага берилип, ал учурда коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турган Мадумаров кол койгонун көрүүгө болот.
Фейсбукта тарап жаткан бул маалыматтын чын бышыгын тактоо үчүн биз Адахан Мадумаровго телефон аркылуу байланышка чыктык. Бирок саясатчы Адахан мырза азыр ден соолугуна байланыштуу дарыланып жатканын айтып, чегарадагы чырга байланышкан маалыматтарды “кийинчерээк толук айтып берем” деп убада кылды.
“Eldik.Media” сайты Адахан Мадумаровго ыңгайсыз учурда кайрылганы үчүн кечирим суроо менен бирге тезирээк сакайып кетишин тилеп, ден соолугу калыбына келген соң элдин көйгөйү болгон чегара боюнча суроолорго жооп берет деп үмүт кылат.