Бишкек, Ош шаарларында Нооруз майрамына карата ат оюндары өткөрүлөт. Бул маалыматты Жаштар, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин тастыктады.
Маалыматка ылайык, көк-бөрү оюндарынын тандоо туру 15-марттан 21-мартка чейин Бишкек жана Ош шаарында болот. 21-мартта эки шаарда көк бөрү, эр эңиш жана ат чабыш боюнча финалдык оюндар өткөрүлөт.
Оюндардын байге фондуна Бишкек шаарында 1 миллион 450 миң сом, Ош шаарында 400 миң сом коюлганы белгилүү болду.
Алгачкы оюндар бүгүн саат 10:00дөн башталат.