Баткен облусунун тургуну «С.К.» аттуу жараны террорчулукка шектелип кармалды. Бул туралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы маалымдады.
Маалыматка караганда, кармалган «С.К» КМШ өлкөлөрүнүн биринде эмгектенип жүрүп социалдык тармактар аркылуу МТО эммисарларынын таасирине кабылып, алгачкы жоокердик даярдыктан өткөн.

ЭТУ башчыларына ант берип, Сириядагы бандиттик түзүлүштөргө кошулуу максатында «джихадга» катышып андан ары Турцияга учууну пландаштырган.

“Азыркы убакта УКМК органы тарабынан «С.К.» карата Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 243-беренси (Кыргыз Республикасынын жаранынын чет өлкөлүк мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук даярдыктан өтүүсү) жана 395-беренси (Жалдануучулук) каралган кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүштүк иштери тергелүүдө.” деп жазылат маалыматта

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: