Кыргыз-тажик чек арасындагы абал түнкүсүн тынч болду. Маалыматка караганда, кечээ окуя болгон аймакта 10 чакты киши күзөттө калышып, калган тургундар саат 20:00 чамасында үйлөрүнө тарашкан. Бирок, Ак-Сай-Тамдык жолу дагы деле жабык бойдон калууда. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү бүгүн дагы сүйлөшүүлөрдү улантышмакчы.
Буга чейин эки өлкөнүн башчылары жана өкмөт башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, абалды талкуулашкан.
Эске салсак, кечээ Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, анда кыргызстандык жаран жаракат алганы маалымдалган