Бакылдап – шакылдаган үндөн улам ойгондум. Адатта куштардын анан таенемдин уктатпай таң атпай сайраганынан ойгончумун. Таятам мейли уктасын дейт. Таенем тур дейт. Таятамдын абдыракаты чоңураак болгондугунан ага таянып жата берем.

Бул сапар таң атпай бакылдаган үндөр. Биринен бири өтүп кыйкырып сүйлөп жатышат. Энемдин “Олда кайраным ай! ” деген сөзүнөн соң каткырык чыгат. Жеңелеп бирөөлөр тийишип жатат. “Акишбайым ” деп эле кемпирлердин жалынган үнү чыгат. “Балыкчыдагы кызымдын кызы келген” дейт. Ушул сөздөн кийин чыгып учурашпасаң, уят эле. Аргасыз турам.

Эшикти ачсам, бир топ абышка – кемпир каткырыгы таш жарып отурган болот. “Жаксыңарбы! ” дейм. “Жакшы, айланайын. Иии чоңойгон тура! Жанагы артис кызыңдын кызы да, ээ. Кел өөп коеюн!” дейт дагы шилекейлете өөп чыгышат. Билгизбей жеңимдин учу мн сыртка чыгып баратып сүртүп коем. Таенем күйпөлөктөп, чайнектеги чайын төгүп, жаңы чай салып, даярдап жаткан болот. Чала – бучук жуунуп келип, чайнегин талашам. “Сен куйганды билбейсиң!” дейт. “Билем эле! Чынара эжем үйрөткөн” дейм.

Чынара таежем чайды укмуш таптап берчү. Чоң энем конокко келгенде ошол жакка жөнөчүбүз дароо эле. Энем алкап, батасын берип, тердеп – кургап, ичип жатканынан мен дагы үйрөнгүм келип сурадым. Болгон сыры жаңы чай салынып, сүт да ысык болуп, каймагын белен салып, кызылынан жакшылап куюп, челкейтпей ченеми мн ысык – ысык кылып, кош колдоп сунуу керек экен.

Чай куйгандын да окуусу болчу беле? Жөн эле куйдура бербейби дейм. Аябай батасын алгым келди абышка – кемпирдин. Таенем сыртка чыгып, тамагын даярдагыча жоктугунан пайдаланып, баягы абышка – кемпирдин жанын койбой, чайга шыкайм. Тим эле жыргап калам мактап койсо. Кыйратып жаткансыйм! Өзгөчө жаңы келин келгенде чайын ичкени барчубуз.

Ийменип, сүрдөп куюп берген чайын тамшанып ичесиң! Жаңы келиндин сулуулугу бир тең, чайы бир тең!
Айрым жерге конокко барсаң, челкейтип, бопбоз , шылдыратып куюп берсе, ичкиң келбейт. Сыйлабай жаткандай сезим келет. Чай куйганда дагы дүйнөңдү салып, жүрөгүң мн берсең, балким ошол чайдын үстүндө жүрөктөн чыккан сырлар, сөздөр, жада калса ырлар, сезимдер чыгаттыр! Билгенге чайдын ырахаты, романтикасы, керемети укмуш! Анан эле чай куйбайт элем деп чалкаңардан кетесиңер!

Назира Айтбекованын өздүк баракчасынан алынды

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 11