Бүгүн, 15-мартта Жогорку Кеңештин депутаттар тобу кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга жеринен күбө болуу үчүн Баткен облусуна жөнөп кетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.
Буга чейин, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды парламент 14-мартта жабык талкуулаган.
13-март күнү кыргыз-тажик чек арасында эки тараптуу конфликт чыгып анын кесепетинен ок атышуу орун алган. Учурда абал туруктуу экенин жергиликтүүлөр билдирүүдө