“Кече биздин бир тууганыбыз каза тапты, бүгүн дагы бири көз жумду. Мына ушинтип согуш башталат. Кыргыз туугандар тарыхта кыргыз-тажик эч качан согушкан эмес. Башкалар үчүн биз азияттыктарбыз ,биз бир үй бүлөбүз. Ошол үй бүлөдө чыр чатак болуп жатса кантип жашайбыз?” мындай пикири менен тажик жараны кыргыздарга кайрылды.
Ал өз сөзүндө элди тынчтыкка чакырды. Эки мамлекет кылымдар бою ынтымакта өмүр сүргөнүн кошумчалап, “Биз согушту каалабайбыз” деп билдирди.
Эске салсак, 13-мартта кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалдан улам ок атышуу орун алган. Анын кесепетинен бир нече адам жабыркап, көз жумгандары бар деп айтылууда. Учурда абал туруктуу экени маалымдалган. Эки мамлекеттин вице-премьер-министрлери жолугуп, алгач элди тынчтандыруу керек экенин айтышкан.