Зайналиев “Апрель” каналынын үстүнөн арызданды

436

Өзүн табып деп атаган Хашим Зайналиев «Апрель ТВ» телеканалынын журналисттеринин үстүнөн арызданып, жалпыга маалымдоо каражаттарына түшкөн арыздарды караган комиссияга кайрылды. Бул боюнча ишенимдүү маалымат булактары жарыялады.

Ага ылайык, Зайналиев өз арызында 11-марттагы окуяны баяндап, телеканалдын кабарчысы Юлия Кулешова анын аймагына мыйзамсыз, уруксатсыз кирип барганын, буга чейин да ошондой кылганын, ал тууралуу негатив маалыматтарды жарыялап жүргөнүн жазган.

Белгилей кетсек, 11-март күнү интернетте Зайналиев «Апрель ТВнын” кабарчыларын кууп чыгып жаткан видео тараган.

Ал эми “Апрель” телеканалынын журналисттери соттун чечими аткарылып жатканынан кабар алыш үчүн барганын, Зайналиевдин аракеттеринен кийин милицияга кайрылганын жазган.

Айта кетчү жагдай, комиссиянын чечими сунуш катары эсептелет, юридикалык күчү жок.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь