“Кыргыз тарапта тажиктерге таасир этчүү рычагдар көп”- С. Айжигитов

315

Баткен облусунун мурунку губернатору Султанбай Айжигитов “Марал” радиосуна берген маегинде “Кыргыз-тажик чек арасындагы маселелерди чечүүдө эч кандай түйшүк жок. Болгону эрк керек.” деп билдирди. Андан тышкары кыргыз аймагында тажиктерге таасир этчүү рычагдардын көп экенин дагы белгиледи

«Аксай айылында эл көп жашаса да турак жайларынын документтери жок. Өкмөт каражат бөлүп, алардын үйлөрүнүн документтерин бүтүрүп берүүсү абзел. Бизде Тажикстанга таасир кыла турган рычагдар көп. Алсак суу, жайыт жана башкаларыбыз бар. Бирок тажик тарап муну түшүнбөй жатат. Мындан сырткары, биз убагында Аксай айыл өкмөтүнүн өнүгүү программасын иштеп чыкканбыз, Өкмөт бул маселеге да көңүл бурушу зарыл«, — дейт Айжигитов.

Белгилей кетсек, 13-марта Баткен районунун Төрт –Көчө аймагында Аксай айылынын жашоочулары менен Тажикстандын Мехнатабад айылынын жашоочуларнын ортосунда кайрадан жаңжал чыгып, Кыргызстандын бир жараны жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь