Чек ара: Эки тараптын вице-премьер-министрлери жолугуп, маселени талкулашууда

308

Кечээ, 14-март күнү саат 19-30дан 20-40ка чейин Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылындагы Головной участкасында Кыргызстан тараптан вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Тажикстан тараптан вице-премьер министр Азим Иброхим жетектеген эки мамлекеттин делегациясы маселени чечүү боюнча эки тараптуу жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө бардык курч маселелер талкууланып, сүйлөшүү бүгүн саат 10:00 до уланаарын билдиришкен

Кечээ саат 21-00 чамаларында Баткен районунун Ак-Сай, Көк-Таш айылдарынын жергиликтүү тургундары, аялдар жана жаш балдар атайын жалданган кичи автобустар менен Баткен шаарына жеткирилди. Алар №57-кесиптик лицейине жана С.Айтматов көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн бирине жайгаштырылды анын ичинен 28и – аялдар, ал эми 55и – өспүрүмдөр.

Баткен шаарындагы С. Айтматов көчөсүндөгү эки кабаттуу турак үйгө 100 адам жайгаштырылды. Алардын 65и – өспүрүмдөр жана 35и – аялдар. Алардын коопсуздугу Баткен ШИИБнын кызматкерлери тарабынан камсыз кылынууда.

Көчүрүлүп келген адамдарды Баткен районунда жана Баткен шаарында жашаган алардын туугандары келип, өз үйлөрүнө алып кетишүүдө.
Жергиликтүү бийлик жана күч органдары биргелешип эл арасында түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь