Бишкектин көчөсүндөгү тратуарлардын абалын фейсбук колдонуучусу Сыймык Жапыкеев видеого тартып баракчасына киргизди. Тасмада көрүнгөндөй тратуарлардын эскилиги жетип, чуңкурларга толгон. Автордун өзүнүн айтымында бул тратуар Раззаков жана Москва көчөсүнүн кесилиши. Андан туристтер көп өтчүү жол экенин белгилеп, мэриянын көнүл буруп коюшун суранды.