40 кыз: Жеңүүчүлөр аныкталды(Сүрөт)

333

Райондордон чогулган 40 кыздын арасынан 1-орунду Аламүдүн районунун атынан катышкан 19 жаштагы Айдана Карагулова жеңип алды. Сүрөттөр “Турмуш” басылмасынан алынды
200 миң сом акчалай байгеге ээ болгон Айдана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин көркөм өнөр факультетинин графика бөлүмүндө окуйт.

Ал эми 2-орунду Нарын облусунун Ак-Талаа районунун атынан катышкан 23 жаштагы Нурия Жаныбек кызы алды. Ал үй-бүлөдө 3 бир тууган

3-орунду Талас облусунун Манас районунун атынан катышкан 19 жаштагы Айжамал Бабыркулова ээледи. Учурда Кыргыз мамалекеттик техникалык университетинде 1-курста окуп жатат.

Белгилей кетсек, кечээ, 14-мартта Бишкек шаарында «40 кыз» долбоору жыйынтыкталды. Долбоордун алкагында кыргыздын 40 кызы өз өнөрлөрүн көргөзүп, мыктылары байгеге татыды

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь