АИДА ИСМАИЛОВА: МЕН “ЧИМКИРИК” ДЕПУТАТ ЭМЕСМИН.

689

Бүгүн  экс-президент Алмазбек Атамбаев «Медиа форумдун» алдындагы Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү митингинде сөз сүйлөп жатып , учурдагы парламенттин ишине да баа берип кетти. Ал өз сөзүндө азыркы депутаттарды “чимкирик” деп атады.  Бирок эл өкүлдөрүнүн айрымдары “Eldik.Media” порталына өз пикирлерин билдирип, ал кишиге теңелбестигин, ар ким өз жумушун аткарып жатканын айтат.

АИДА ИСМАИЛОВА ЖК депутаты

Ар ким өзүнө жараша сөз сүйлөйт. Мен ал кишинин сүйлөгөн сөзүнө теңелгим келбейт. Өзүм жөнүндө айтсам мен өзүмдү “чимкирик депутат деп эсептебейм” Ошол эле учурда баардык депуттарга да жооп бере албайм.

 

ТАЗАБЕК ИКРАМОВ ЖК депутаты

“ Андай адам өзү кандай болсо ошондой айтта берет.  Ал айтканы менен чимкирик болуп калбайбыз, же чечилип калбайт. Биринчи кезекте Атамбаев кылган иштери боюнча, Кыргызстанга бөлүнгөн акчалар боюнча, корруппция боюнча  жооп берип алсынчы. Мындайларга башыбызды ооруткубуз келбейт, маани да бербейбиз. Ал чимкирик деп атаса эле депутаттар чимкирик болуп калбайт.”

Кабарчылар башка дагы эл өкүлдөү менен байланышып көрдү. Бирок айрымдары жооп берүүдөн баш тартса айрымдары  бүгүнкү митингдеги сөздөрү укпаганын билдирди.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь