Бүгүн, 17-мартта Бишкектеги “Медиа-Форум” имаратынын алдында Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Иш-чара курман болгондорго куран окутуу менен башталды.
Ага Алмазбек Атамбаев, депутат Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова, Мурадыл Мадеминов, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, мурдагы элчи Кылычбек Султан катышты.
Форумдун жүрүшүндө Атамбаев саясий пикирлерин айтуу менен коштолду. Андан улам митинг боюнча социалдык тармакта сын пикирлер айтылууда.