Бүгүн Алмазбек Атамбаев Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү күнүн шылтоо кылып, коомчулукту өзүнүн таарынычын билдирүү үчүн гана чогултканы көрүнүп турат“. Мындай пикирин Алмазбек Акматалиев “Eldik.Media” сайтына билдирди.

Ал өзүн экс-президент катары татыктуу алып жүрбөстөн, ыплас сөздөрдү сүйлөп пастыкка түшпөй эле койсо болмок. Атамбаев үчүн бүгүнкү күн, элге “Мен дагы эле бармын, саясий фигурамын” деп өзүнүн саясатка дагы деле кийлигишкиси келгенин билдирди. Бул өзүн күчтүү саясатчы катары көрсөткүсү келип жатат. Бирок артындагы чубалжып келе жаткан бир топ ыплас иштерин унутпоосу зарыл. Мындай иш мамлекетке жакшы нерсе алып келбейт. Бул менен Атамбаев ынтымакты, стабилдүүлүктү бузганга даяр экендигин көрсөттү“- деди Алмазбек Акматалиев

Эске салсак бүгүн, 17-мартта “Медиа-Форум” имаратынын алдында Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өтүп жатат. Ага экс-президент Алмазбек Атамбаев да катышууда.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: