Сооронбай Жээнбеков Аксы районунун Боспиек айылында окуянын курмандыктарын эскерүү иш-чарасында Аксы окуясы элди эркиндик үчүн күрөшкө алып чыккан күн экенин баса белгиледи
“Аксы окуясынын мааниси терең, тарыхый окуя. Элдин аң-сезимин өзгөртүп, акыйкатсыздыкка каршы күрөшкө алып чыкты. Бул окуя менен катар 2005-жылдагы Март жана 2010-жылдагы Апрель окуяларын да унутууга болбойт. Апрель окуясынын түздөн түз катышуучусу, кландык башкарууга каршы чыккан адам катары бул даталуу күндөр менин жүрөгүмдө сакталуу. Кийинки жылы Апрель окуясынын 10 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча жарлыгым даярдалып жатат. Мен президенттик мөөнөтүм аяктаганча кландык башкарууга жол бербеймин. Биздин башкы максат – адилеттүү коом куруу”, – деди Жээнбеков.
Боспиектеги базарда өткөн эскерүү иш-чарасына саясатчылар Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Турсунбек Акун, Жогорку Кеңештин депутаттары жана 200дөн ашык жергиликтүү тургун катышты.
Иш чаранын жүрүшүндө, митингде курман болгондордун элесине арналып куран окулуп, бир мүнөттүк эскерүү болуп, эстеликке гүлчамбар коюлду.
Мамлекет башчысы 17 жыл мурда Аксы эли коррупцияга белчесинен баткан үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыкканын белгиледи.