“Биздин саясатчылар Аксы окуясы сыяктуу ушундай окуялардан туура жыйынтык чыгара албай жатат”. Мындай пикирин саясат таануучу Орозбек Молдалиев eldik.media га билдирип, Алмазбек Атамбаев Аксы эмес кийинки апрель окуясын биле алдыбы? Бул окуялардан туура жыйынтык чыгарса тегерегине коррупционерлерди жыйнамак эмес дейт. Саясат таануучу мурдагы президент үй-бүлөсүн кошпосо дагы, кландык башкаруу түзгөндүгүн айтат.
Бүгүн Аксы курмандыктарын эскерүү үчүн чогулган элдин алдында А.Атамбаев сөз сүйлөп, азыркы президент С.Жээнбековду түндүк-түштүк деп бөлүнбөөсү үчүн “Оштон мен алып келгем” деп айткан эле. Бирок, Орозбек Молдалиев бул сөздөргө кошулбайт. Анын айтымына караганда,
“Атамбаев эмне өзүнүн буйругу менен президент кылып дайындаптырбы? Азыркы башчыны эл көп жылдан бери иштеп жүргөндүгүн баалап, жөнөкөйлүгүнө карап добуш берген. Атамбаевдин мен алып келдим дегени туура эмес, аны эл шайлаган.”
Ошондой эле куран окутууда Атамбаев азыркы президент Жээнбеков менен болгон мамилесин аралаштырбай эле койсо болмок деген оюн кошумчалады Молдалиев.
Мныдан тышкары, Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Кеңештин депутаттарын ыпылас нерсеге салыштырганы эң туура эмес болду дейт. Мурунку мамлекет башчынын бул сөздөрдү айтышы уят, керек болсо айылдагы эң жөнөкөй адам дагы мынтип айтпайт.