Серепчи Шерадил Бактыгулов бүгүнкү Форумдагы куран окутууда Алмазбек Атамбаевдин бирөөгө карата нааразычылыгын билдирүүсү же баа берүүсү туура эмес деп эсептейт.
Албетте куран окутууга ар бир адамдын укугу бар, бирок ал жерде саясий маселе кошулуп калды дейт. Негизи адамдарды чогултууда саясатчыбы, ким болбосун көздөгөн максаты болот. Бактыгуловдун айтымында, президент Атамбаев учурдан пайдаланып пикирин билдирип алгандай.
” Атамбаевдин КСДПчылардын ортосундагы муздак мамилелерден улам буга чейин билдирип келген нааразы сөздөрү бар, мында деле ошол сөздөр айтылды”
Эске салсак, бүгүн, 17-мартта Бишкектеги “Медиа-Форум” имаратынын алдында Аксы окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы болуп өттү