Атамбаевдин “балп этмелерине” Жээнбеков эмне себептен унчукпай жатат?
Акаевдин заманы. Кашка башка калың каш. Үнү ичке. Акаевди шылдыңдаганга башка сөз жок эле…
“Сталин”-деп кардын бетине чийгилеп жазып койгон баланын атасы соттолуп кетиптир. Токсонунчу жылдардын башына туш келген балалыгымда, ата-энемден ушул сөздү көп угуп калаар элем. Мындан улам атам кесилип кетпегей эле деп, бирөө мени аңдып тургансып Акаевдин атын жазуудан корко берчү элем. Президенттиң ким деп мектептен сураганда мукактанып калганым да эсимде. Бирок мен мектеп босогосун аттап, тамга тааный баштагандан кийин баягы чоң кишилер айткан “Сталин жөнүндөгү” сөздөрү жөн эле жомокбу деп баштадым. Анткени “Агым”, “Асаба” деген гезиттерден Акаевдин кашка баштыгын ачык эле айтмак түгүл, ар кандай күлкүлүү сүрөттөрдү көрө баштадым. Анан саясат дегенге кызыгып, ар бир барагын барактап окуп чыкчумун. Анда Акаев бийлигинин ыпластыгы, алардын менчиктештирүү деген балакети мамлекетти сызга отургузуп жатканы жазылат эле. Башкасын билбесем да ошол менчиктештирүү деген балакетинин зыяны тийип жатканы менен макул элем. Анткени сарайлардын, ишканалардын, заводдордун таланып тонолуп жатканын өз көзүм менен көрчүмүн. Гезиттер антип жазганы менен телевизордон Аскар Акаев чоңдордун жагымдуу жаңылыктарын көрүп турат элек. Президент Аскар Акаев баландай указга кол койду, түкүндөй тапшырма берди маалыматтар күн сайын берилет эле. Мындай маалыматка эл катары мен дагы сугарылып, анан тигил оппозициялык маанайдагы гезиттердин жазганына көп ишенбей баштадым. Эл кедейчиликке батып, завод фабрикалар талкаланып, көчөмө-көчө мастар жургөн айылда албетте бийликке ыраазы боло турган деле жагдай жок болчу. Бирок эмнегедир ак калпагын башынан түшүрбөй дайыма жылмайып жүргөн Аскар Акаев кантип эле ушунун баарын атайын кылсын деп ойлой берчүмүн. Эстеп көрсөм чын эле, ал кезде Аскар Акаев эле эмес телевизорго чыккан чиновниктин баары маданияттуу көрүнчү экен. Ушундан улам Асаба гезитине окшогон оппозиция канчалык чыркырап чындыкты айтып, мамлекетибиз кедейчиликке батып бара жатканын жазышпасын алардын одоно, маданиятсыз шылдын сөздөрү эмнегедир жеке мени ирээнжитип турат эле. Мындан улам ошол кезде саясий элитага элдин аз болсо да ыйбаасы, урматы бар беле деп койом. Антпесе арпа нан жеп, ачкачылыктын кадимкидей азабын тартып жаткан эл ашата сөккөнүн деле анчейин кулагым чалчу эмес. Балким азыркыдай интернеттеги социалдык тармактар болгондо, Акаевдин жетпеген жерине жетет белек? Билбейм. Бирок бир гана нерсе, Акаевдин кашка башы менен кашы туурасындагы шакаба чегүү эчак бүтүп, калган талкуу жалаң кылган иши жөнүндө болот беле дейм да?! Себеби ал ар бир сөзүн абайлап сүйлөчү да…
Эрдин жаланып тойбогон Бакиев
Саясатчыларды өлтүрүп жок кылуу менен ордону канга бойогон Курманбек Бакиевди эл катары мен дагы жек көрдүм. Анын мыкаачылыгы ашынып, баш көтөргөндөрдү “каралар” менен жайлап жатканы карапайым калкка жетип турду. Бирок канчалык жинибиз келген менен Бакиевдин каарынан коркчу белек, же ал киши шылдың кыла турган сөздөрдү айтчу эмес беле, билбейм кыскасы элдин баарынын шылдыңына калган жок. Сүйлөгөндө эрдин жаланып жуктанганы эле болбосо өз оорду менен кеп куруп, анча мынча провокациялык суроолордон оңой кутулуп кеткен митаамдыгы аны ар кандай шылдыңдоолордон алыс кылды көрүнөт.
Киргизча такалып сүйлөгөн Роза эже
Анан эле революция болуп, мамлекетти бир жарым жыл убактылуу башкаруу тизгини роза Отунбаевага тийди. Кыргызча чалып сүйлөгөн бул эжебизди шылдыңдагандар четтен чыкты. Саясатчылар арасында дагы аны “самозванка” атагандар болду. Бирок Роза эжебиз бул шылдындоолорго кабагым кашым дебей иштегенин баарыбыз билебиз. Эч кимди тилдеп теңелип да койгон жок.
“Балп этме” заман
Алмазбек Атамбаевдин “балп” этмелери бар экенин ал президент болгучакты эле эл билчү. Бирок эл аны ачык айтат, так айтат деп бул сапатын баалап, 2010-жылы эски аянтта “катани эмес көтани” деп айтканын колдогону дале эсибизде. Анын үстүнө жылмайып туруп жайлаган Акаевчилерди, тымпыйып жүрүп тоногон Бакиевчилерди жек көрүп калган эл, башыбызга ушундай ачык сүйлөгөн киши керек деп суусап калган эле. Мындан улам Алмазбек Атамбаевдин президенттик алгачкы жылдарында “Ак-жолдон” мураска калган саясатчылар, Бакиевчилер менен күрөшүүсүнө жалпы журт демине дем болуп берди. Бирок басса турса Бакиевди боктоп жургөн Атамбаевдин бийлигине акырындык менен критикалар айтыла баштаган. Ал “жамгыр жааса да Бакиев” күнөөлү деп айткыла деген сымал эле. Бирок элдин бул тамаша чыны аралаш пикирин Атамбаев эсине да алып койгон жок. Тескерисинче балп этмелерин күчөткөндөн күчөтүп отурду. 2015-жылдан кийин алмазбек мырза тактыны биротоло ээледим эми каалаганча сүйлөй берем дедиби айтор, сасык саясатчылар, уурулар, крысалар, деген сыяктуу сөздөрдү ыңгайы келген келбеген жерден эле урдура турган болду. Мектепти жаңы бүтүп жаткан балдардын алдында болобу, энелердин же болбосо элчилердин алдында болобу сүйлөп жаткан ажону токтотуу кыйын эле. Ал ким кандай экенин кайсы саясатчы андан тамеки сураганынына чейин майдалана турган болуп калды. Какшыктаган жагынан куудулдарды да басып өтүп, “балашка” “Эдичка” “Теке” “Бабаноид” деп койгон ысымдары элдин эсинде. Бир кезде “балп” эткенине чын жүрөктөн кол чапкан эл, акырындык менен шаабайы сууп баштады. Социалдык тармактарда болсо ал айткан сөздөргө шылдың, ар кандай карикатуралар, какшык сөздөр чыгып турду. Бул нерсенин баардыгы Алмазбек Атамбаевдин ачуу сөздөрүн кыскарта алган жок. Жада калса Президенттик мөөнөтү бүтөөрүнө бир күн калганда, “ысык темир менен көчүгүнө басыш керек” деп, инаугурация күнү болсо баардык этикетти жыйыштырып “Соке досум” деп бата бергени эсте калды.
Чык эшикке! Жини жаман Жээнбеков
Атамбаев бийликтен кеткенден кийин Сооронбай Жээнбековдун жыйындары “балп этмесиз” анча кызык эместей болуп калгансыды. Муну көпчүлүк журналисттердин оозунан дагы угуп жүрдүк. Бирок премьер-министр кезинде “Чык эшикке”-деген чорт кыялын Жээнбеков Президент болгондо деле таштаган жок. Чиновниктерди урушканда кабагын түйүп, кер мер тийген учурларын биз сыяктуу маалымат каражаттары баса калып эле жазып калып жаттык. Бирок эмнегедир министрлерге, чиновниктерге катуу сүйлөгөн Сооронбай Жээнбеков, депутаттарга, оппозициячыл саясатчыларга асылган жок. А түгүл басса турса Жээнбековду жамандап жүргөн Адахан Мадумаровду экстер менен өткөргөн кеңешмесине чакырып, урмат сый менен мамиле кылды. Атамбаев менен пикир келишпей калгандан кийин дагы ал туурасында жамандап сүйлөгөн жок. Балким кимдир бирөө үчүн бул Атамбаевге сөз кайрый албаганын башкача түшүнүп, жооп бербейби же эмне анын айткандары менен макулбу деп жаткандыр… Балким бир күн болбосо бир күн Сооронбай Жээнбеков дагы агынан жарылып, Атамбаевдин айткан айрым сөздөрүнө жооп берээр. Бирок бир нерсени эл тушүнгөндөй болду. Кандай болгон кундө да азыркы Президенттин оозунан “сасык, кускундар, ушакчылар” деген сыяктуу көчө сөздөрү чыкпасына, өзүнө карата сын пикир айтып койгон саясатчыны жамандап, арданып, буулугуп, “балашка, Эдичка, Бабаноид” деп шылдыңдабашына көпчүлүк күбө болуп калгандай болду.
Бул жагынан алганда экс-президент Алмазбек Атамбаев кечекидей “чимкирик, он грамм, конякты жакшы көрөм” деген одоно сөздөрүн тыйса болмок. Анткени анын буга чейинки эле “балп этмелери” менен “булдуруктаган чала соо кишинин образын” берген видеолору интернетте толтура да.
_Ой толгогон: Азамат Бакиров
Бул макала Eldik.Media сайтынын көз карашын билдирбейт
Урматтуу окурмандар сиздерде да кайсы бир көйгөйлөр боюнча ой толгоолор болсо бизге төмөнкү электрондук даректер боюнча жибериңиздер!
eldik.mediakg@gmail.com