БАЛЫКЧЫ ШААРЫН САНАРИПТЕШТИРҮҮГӨ 10 МЛН. СОМ КАРАЛГАН

435

Балыкчы шаарынын мэри Мамбетов Алмаз Ишенбековичтин 2018- жыл КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун “Аймактарды өнүктүрүү жылы” жана 2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” боюнча Балыкчы шаарында аткарылып жаткан иштер тууралуу берген маеги.

2018-жыл Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыяланган эле. Ушул багытта Балыкчы шаарында кандай иштер аткарылды?

Бул демилге биринчи кезекте жергиликтүү бийликтин потенциалын ачууга чоң таасирин тийгизүүчү демилге болду деп эсептейм. Ошондуктан сиздин сурооңузга жоопту биздин гана шаар үчүн эмес жалпы шаарларга, айыл өкмөттөргө тийгизе турган таасири боюнча айтсам туура болот деп ойлойм.
Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында жергиликтүү бийлик үчүн үч чоң маселелерди чечкенге жол ачты. Биринчиси, республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттин ортосундагы мамилелер. Экинчиден, акыркы 3-4 жылдан бери мэрия көтөрүп келе жаткан маселе бул мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарууда каржылоо булагын республикалык бюджеттен каржылоосу маселесин чечүү. Үчүнчүсү, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине карата тиешелүү кадрдык ыйгарым укуктарды жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына берүү. Бул да өтө маанилүү, Аймактарды башкарууда жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү.
Ал эми, Балыкчы шаарына гана тиешелүү болгон иш-чараларга токтолсок. Балыкчы шаарынын экинчи чоң көчөлөрү Ж.Аманбаева көчөсүн реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. 2018-жылдан баштап стратегиялык маанидеги ири Ж.Аманбаев көчөсүн толук ремонттоо иштери башталды. Ремонт иштери республикалык бюджеттен каржыланып жатат. Долбоор боюнча жол нугу 6 метрге чейин кеңейтилип, төрт катардан турат. Андан тышкары тротуар, арыктарды куруу жана жарык берүү жумуштары да каралган. Аталган көчө заманбап көчөлөрдүн бири болуп калат.
Авариялык абалдагы К.Абдылдаев атындагы №3 жалпы орто билим берүү мектебинин ордуна жаны мектеп куруу маселеси чечилди. Балыкчы шаарында 500 орундуу Абдылдаев атындагы мектептин жаңы имартаы курулуа башталды. Балыкчы шаарынын Алиева менен Ключевая көчөлөрүнүн кесилишине 100 орундуу бала бакча курулуп жатат.

Алмаз Ишенбекович, Балыкчы шаарынын инвестициялык климаты тууралуу маалымат бере кетсеңиз.

Өзүм көп жыл Тышкы иштер министирлигинде иштегениме байланыштуу, инвестиция тартуу жаатында эл аралык мамилелерди күчөтүш керектигин ар дайым айтып келем. Акыркы 2 жылда, эл аралык мамилерди күчөтүү максатында ТИМ менен тыгыз иш алып бара баштадык. Азыркы учурда продукция экспортко Кытайга чыкпайт. Бирок, ушул тапта биздин шаарда “Дордой Джун Я” компания тарабынан чоң эт комбинаты курулуп жатат. Курулуш иштери салтанатту түрдө 2018-жылдын июнь айында башталган. Буйруса 2019-жылдын 1-кварталында куруу иштери аяктайт. Бул ишканада Кытай ишкерлердин инвестициялык салымы бар. План боюнча аталган эт комбинаты ишке берилгенден кийин эт Кытайга экпорттолмокчу. Бул комбинатта суткасына 150 бодо мал жана 200 кой сойулуп даярдалат.

Ал эми быйыл 2019-жыл “аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылынынын алкагында эмнелерди ишке ашырууну пландап жатасыздар?

Президент С.Ш. Жээнбеков 2019-жыл «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыялоону колдоого алып, Балыкчыда айрым кызматтарды санариптештирүү боюнча иштерди башталды. Санариптештирүү боюнча иш-чараларга 10 млн сом каралды. Каржылоо булагы – Ысык-Көлдү өнүктүрүү Фонду жана жергиликтүү бюджет. Биринчи кадам болуп, 2018-жылы башталган муниципалдык мүлктү инвентаризация боюнча аткарылып келе жаткан иштерди аягына чыгып, 2019-жылдын апрель айында муниципалдык мүлк ГИС негизинде Маалыматтык автоматикалык системасы түзүлүп ишке кирет. Электрондык реестр, шаардын электрондук картасы түзүлүп, Муниципалдык мүлк боюнча электрондук платформа иштей баштайт.
Электрондук иш кагаздарын сактоого маалыматтарды топтоо үчүн 2 даана сервердик компьютер алынып иш алып барууга тиешелүү программалар жүктөлүп даярдалды. Экинчи кадам шаардык бейтапканада “Электрондук кезек” системасы киргизилет. Бул системага ылайык жараандар дарыгерлеге электрондук платформа аркылуу жазылып белгиленген убакытка кезекке жазыла алат. Ошондой эле электрондук кезекке тиешелүү терминалдар бейтапканда орнотулат.
2019-2020 окуу жылынан тартып (сентябрь айы) шаардын мектептеринде электрондук күндөлүк системасы киргизилип жатат. Акыркы кадамдардын бири шаардык бейтапканда жана ооруканада электрондук амбулатордук карта системасы киргизилет. Аталган багыттар боюнча тиешелүү техникалык тапшырыктар түзүлүп жатат. Жакынкы арада тендер жарыяланып иштер аткарыла баштайт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь