Атамбаевдин алкоголдук суусундуктарды ичээр-ичпеси туурасындагы тема социалдык тармактарда кечетен тартып күч алды. Анткени ага чейин жума намаз, айт намаздарга барып жүргөн Атамбаев “Мен анда-санда коньякты ичип койом”-деген болчу.
Буга чейин Жалал-Абадтын мурдагы губернатору Жусупжан Жээнбеков массалык маалымат каражаттарына берген маеги азыр талкууга түштү. Ал маекте Жээнбеков: Атамбаевдин машинеден түшкөндө эле кызуу абалда болгонун айткан.
“Атамбаев Жалал-Абадга келгенде Сузактын «Топурак-Бел» ашуусуна барып, досум катары тосуп алып, жолугуштук. Машинеден түшкөндө эле Атамбаев кызуу болчу, «Токтогул менен Аксыга келбей койдуң» дегенсип мага капа болуп турганы дароо сезилди. Атамбаевдин абалын көргөн соң дароо Азимбекке ачууланып, эртең эл менен жолугушуу бар экенин эскертип, «нормалдуу келбейт белеңер» деген сындуу ачуу пикиримди айтсам, Бекназаров кебелбей «туугандарыбыз сыйлап койду, эртең мененкиге чейин жакшы болуп калабыз» деп каамырабайт. Биринчи бөтөлкөнүн аягына чыгып, экинчи бөтөлкө ортолоп калганда сөздөн-сөз чыгып, Алмаз экөөбүз айтыша кеттик. Бул жерден да Алмаз «мен керек болсо миндей адамды алып чыгып. БШКга барып, добуштарды санатып алам» деп опурулду. Сөз арасында Жалал-Абаддыктарга асыла кетип жатты. Мындан соң мен чыдабай кетип, Бекназаров экөөнө тең «силер жарандык согуш чыгарууга аракет кылып жатасыңарбы, андай болсо биздин жолубуз эки башка экен” деген сөзүн “kyrgyztoday” сайты жарыялаган
“Eldik.Media” порталы Жусупжан Жээнбеков менен байланышканда “Мен эмне он жыл мурдагыны Атамбаевдей болуп кайра-кайра айта бермек белем, Азимбек менен ичип келгени чын”-деп сөзүн дагы бир ирээт тастыктады