Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюлду

279

Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча протоколго кол коюлду. Документке вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана Тажикстандын Премьер-министринин орун басары Азим Иброхим кол коюшту.

Протоколго ылайык, Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык жолунун курулуш иштерин улантуу макулдашылды. Чектеш аймактардагы транспорттук каттам мурдагы режимде толук калыбына келтирилет. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков өзгөчө белгилегендей, Проколго кол коюуда эки өлкөнүн өз ара кызыкчылыктары эске алынды.

Мындан тышкары Жеңиш Разаков жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийлик башчылары Көк-Таш–Ак-Сай–Тамдык жолунун курулушу жүрүп жаткан жерди көрүп келишти.

Ошондой эле белгилей кетсек, Кыргызстан жана Тажикстандын кыргыз-тажик чек арасындагы кыдаалдын кесепеттерин иликтөө боюнча биргелешкен териштирүү тобунун иши улантылат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь