Президентти 7 саат күткөн мугалим менен окуучулар эсин жоготту

219

Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында №18 мектептин жаңы имаратынын ачылышы өтүп жаткан маалда эки окуучу, андан соң эки мугалим эсин жоготту. Бул боюнча “Барометр” сайты жарыялады.

Маалыматка ылайык, мугалим менен окуучулар Эмомали Рахмондун жана Дүйшөбү шаарын мэри Рустами Эмомалинин көзүнчө кулашкан.

Иш-чаранын катышуучулары эртең меннки саат 7ден түштөн кийинки саат 14кө чейин мамлекет башчысын күтүп жатып алдары куруп, ачка болгондуктан президентти көрөрү менен эсин жоготушкан

Ушундан кийин мамлекет башчысынын маанайы түшүп өзүнүн кол алындагыларды каарыганын басылма кошумчалады.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь