ЧЕК АРА ЧЫРЫНА А.МАДУМАРОВ АЛДАНЫП КОЛ КОЙГОНБУ?

485

Кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу туура эмес кол коюлган документтерден улам бүгүнкү күндө кесепети карапайым калкка тийип жатат. Буга чейин дал ушул чыр жараткан аймакка тиешеси бар Токон Мамытовго кайрылганыбызда, чек ара маселесинин башы 2006-жылдарга барып такаларын айтат.

Кийин Мамытов коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда 2008-жылы “Өз жерибизди эмне үчүн коңшу мамлекеттен ижарага сурашыбыз керек?”- деген негизде кол коюудан баш тарткан.

Анын айтымында, 2009-жылы Адахан Мадумаров жерди ижарага алууга макулдугун берип койгон. Токон Мамытов Мадумаровду аскер адамы болбогондон кийин алданып калгандыгын айтат. Ошол кездеги өкмөттүн туура эмес берген маалыматынан улам, Адахан Мадумаров катачылык кетирип кол коюп берип койгон. Т.Мамытовдун сөзүндө Мадумаровдун туура эмес чечим кабыл алышына ошол кездеги кыргыз чиновниктери күнөөлүү.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь