Эртең Бишкекте жылуулук берүү токтотулат

311

Бишкек шаарында 19-марттан тартып жылуулук берүү өчүрүлө баштайт. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Маалыматка ылайык, аба ырайы беш күн катары менен 8 градустан төмөн болбосо, жылуулук берүү токтотулат. Тийиштүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кол коет.

Буга чейин айрым шаардыктар батирлер ысык болуп жатканын социалдык тармактарга жазып, мэриядан жылуулук берүүнү токтотууну суранышкан.

Быйылкы кышкы мезгилдеги жылуулук өткөн жылдын октябрь айында бериле баштаган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь