“Эт азыгын экспорттоо маселеси чечилсе жакшы болмок”- Чолпонбек Абыкеев

449

Кыргызстан менен Орусиянын экономикалык мамилеси жакшырып, туруктуу абалга келсе жакшы болмок. Учурда малдын саны көбөйгөну менен, эт азыктарын экспорттоо жагынан бир топ кыйынчылыктар бар. Мындай көйгөйдү эки мамлекеттин президенттери сүйлөшүүлөрдүн алкагында талкуулайт деген ишеничтемин” мындай пикирин Чолпонбек Абыкеев “Eldik.Media” сайтына билдирди.

Серепчинин баамында, Кыргызстанда жеңил өнөр жайы жакшы өнүгүп келе жатканы менен, оор өнөр жайын иштетүү бир аз басаңдап калгандай. Ал эми Россияда Кыргызстанга филиалдарды ачып берүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар. Мына ушундай маселе эки тараптуу жолугуушда талкууланса, мамлекетибизге жакшы пайда алып келмек.

Эске салсак, марттын соңунда Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Буга карата даярдык иштерин талкуулаш үчүн Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 3-4-февраль күндөрү Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген.

Жолугушууда, Кыргызстандын инвестициялык потенциалын кеңейтүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана ЕАЭБдин алкагында соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү боюнча талкуулар ишке ашаары айтылууда

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь