Якутск шаарынын тургундары «мигранттардын бири жергиликтүү аялды зордуктаган» окуядан кийин аянтка нааразылык акциясына чыгышты. Бул окуядан соң Кыргызстандын миграция мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Самат Токтоболотов Якутия шаарына учуп кетти. Ал эми миграция кызматы Якутиядагы жарандарын улуттар аралык кастыкты козутуудан алыс болууга чакырат.

Иш сапарынын алкагында Токтоболотов жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар менен сүйлөшүү иштерин жүргүзмөкчү.

Якутиянын Тергөө комитетинин маалыматына караганда жекшемби күнү белгисиз үч адам бир аялды зордоп машинеге салган. Тергөөнүн версиясы боюнча 23 жаштагы шектүү адам «машинени гараж тарапка айдап барып, аялды зордуктаган». Мекеме «Зордуктоо» жана «Адам уурдоо» беренелери менен кылмыш ишин козгоду.

Тергөө комитети шектүүлөрдүн бири кармалып, өз күнөөсүн мойнуна алганын ырастады.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: