Ассоль Молдокматова өзүнүн жана жалпы коомчулуктун атынан Якутия элинен кечирим сурады. Ал кайрылуусун “Instagram” баракчасына калтырган. Билдирүүдө Якутск шаарында жаралган кырдаал үчүн кечирим сурап, “Кылмыштуулук улутка бөлүнбөйт. Бирок, ар бир улуттун тартип бузган жарандары бар” деп айтты.
Эске салсак, Якутск шаарынын тургундары мигранттардын бири жергиликтүү аялды зордуктаган» окуядан кийин нааразылыкка акциясына чыгышкан. Интернет тармагында жергиликтүү тургундар мигранттардын иш ордуна барып коркуткан видеосу да тараган.