21-мартта Нооруз майрамына карата Бишкек шаарында майрамдык иш-чара уюштурулат. Бул тууралуу мэрия кабарлады
21-мартта саат 10:00дө Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан элинин ассамблеясы менен биргеликте Маданият министрлигинин алдында кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмө уюштурат.
Андан сырткары, этникалык коомдук бирикмелердин чыгармачыл жамааты чакан концерт уюштурат. Ага Кыргызстандагы башка мамлекеттердин элчиликтеринин өкүлдөрү да катышат.
Саат 11:30дан 13:30га чейин “Ала-Тоо” аянтында майрамдык концерт болот. Чогулган элди майрамы менен Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков менен Бишкек мэри Азиз Суракматов куттуктайт.
Борбор калаанын төрт районунда дагы майрамдык иш-чаралар өтүп, спорттук мелдештер менен коштолот.