Депутаты Исхак Масалиев фракция лидерлерине КСДПны коалициядан чыгаруу боюнча кайрылганы жатат. Ал бул тууралуу «Азаттыкка» билдирди
«Мен былтыр май айында КСДП фракциясын коалициядан чыгарууну сунуш кылгам. Бул азыр да актуалдуу. Бирок азырынча расмий кагаз түрүндө кат бере элекмин. Эки-үч күндө ошол сунушту кайталаганга даярданып жатам. КСДПны оппозициялык азчылыкка чыгарыш керек. Ал эми кийин алар оппозиция болобу же жокпу, өздөрү чечет», – деп билдирген Масалиев.
18-мартта (КСДП) расмий түрдө оппозицияга өткөнүн жарыялап, 2020-жылы оппозициячыл партия катары парламенттик шайлоого барышарын билдирген.