“КСДП коалицияда калып иштейт”-Иса Өмүркулов

511

Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов КСДП фракциясы оппозицияга кете турганы тууралуу билдирүүгө комментарий берди.

«Өкүлдөр билдиргендей партиянын борбордук бийлиги жана фракция ар кандай көз карашты карманууда. Бул чындык. Биз үчүн бүгүнкү күндө өкмөттүн туруктуу иштегени маанилүү. Өлкөнүн ичинде жана тышында мындай жагымсыз окуялар болуп жаткан учурда биз коалицияны тарата албайбыз. Ошондуктан фракция коалицияда калып иштейт. Фракциянын мүчөлөрү үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы партиянын кызыкчылыгынан жогору турат» деди эл өкүлү

Депутат белгилегендей, коалиция тараган учурда өкмөт автоматтык түрдө отставкага кетет, ал эми жаңы өкмөттү түзүү үчүн убакыт керек.

Буга чейин КСДП партиясы оппозицияга кете турганын жарыялаган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь