(Сүрөт интернеттен алынды)
Якутск шаарындагы кыргыз мигрантынын катышуусунда болгон окуя, алыста жүргөн бүткүл кыргызга залакасы тиийип жатат. 20 жылдан бери Якутскиде жүк ташуучу болуп иштеп келген Толкунбек бул шаарда абал бир аз тынчып калгандыгын айтат. Бирок дагы деле коркунуч бар:
“Якутияда кыргыздар көппүз. Басымдуулугу соода-сатык менен алектенишет. Жергиликтүү жашоочулар бизге ызырынгандай эле окуя болуп кетти. Бирок буга чейин деле мындай бейбаштык кылгандар болуп, үстүнөн жабылып калган учурлар катталган. Жергиликтүү жашоочулардын арасында биздикиндей тентектери дагы жок эмес. Алар кыргыз соодагерлеринин товарларын алып ыргытып, жаман сөздөр менен сөгүп, ишине тоскоолдук кылгандары дагы болуп жатат. Мындан улам коркуп ишке чыкпай отургандары бар. Мен “местный” болуп калгандыктан, көбү таанышат. Өлтүрүп кетпесин деп милициялар коопсуздукту карап жатышат. Бир-эки жыл иштеп алып жаштардын кылган бул кылыгы туура эмес деп эсептейм. Тынч иштеш керек эле.”
Ошондой эле, Якутскиде окуп жаткан кыргыз студенттеринин дагы окуусу азыр үзгүлттүккө учураган. Мугалимдер алардын коопсуздугунан чочулап азырынча жатаканадан чыкпай турууну билдирген.
This website is amazing! It is so well organized and filled with useful information. I’m so glad I found it!