Ош шаарында Нооруз күнү сүмөлөк кайнатылып, “Кадыр түн” каадасы уюштурулат. Бул тууралуу мэрия билдирүү таратты.

21-март күнү саат 10.00дө шаардын борбордук аянтында «Нарктуу, даңктуу, касиеттүү Ош шаарым, сени менен сыймыктанам ар дайым!» аттуу театралдашкан концерттик программа өтөт.

Андан соң Айыл чарба техникумунун аянтынан баштап, № 2-балдар музыкалык мектебине чейин кол өнөрчүлөрдүн, улуттук тамак-аштардын жана «Көктөм» (гүл жана жаңы көчөттөрдүн) көргөзмө-жарманкеси, улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер болот.

Мындан сырткары, «Алымбек Датка» этнографиялык комплексинде Ош шаарынын мэриясынын «Сулайман-Тоо» № 1 муниципалдык аймактык башкармалыгы жана Ош мамлекеттик университети тарабынан элдик каада-салт боюнча иш-чара болот.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: