Президент Сооронбай Жээнбеков: Нурсултан Назарбаев улуттук гана эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги инсан

327

Бүгүн, 19-мартта, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков телефон аркылуу Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев менен сүйлөштү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын биринчи Президенти Нурсултан Назарбаевдин Казакстандын гүлдөп өнүгүүсү үчүн жасаган эмгегин өзгөчө белгиледи.
Ал Нурсултан Назарбаев биздин замандын көрүнүктүү саясий жана мамлекеттик ишмери, реформатор, аймактагы интеграциялык процесстин куруучусу, улуттук гана эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги инсан экенин белгиледи.
Нурсултан Назарбаевдин Казакстан менен Кыргызстандын союздаштык, стратегиялык өнөктөштүк жана жакшы коңшулаш бир туугандык мамилелердин өнүгүшүнө жана тереңдетүүдөгү өзгөчө ролун баса белгиледи.
Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевге бардык жакшылыктарды жана узун өмүр каалады.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь