Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-мартта, Өзбекстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчи Ибрагим Жунусовду, АКШдагы Элчи Болот Отунбаевди, Германиядагы Элчи Эринес Оторбаевди, Бириккен Араб Эмираттарындагы Элчи Чынгыз Эшимбековду жана Казакстандын Алматы шаарындагы Башкы консул Алиясбек Алымкуловду кабыл алды.
Германиядагы Элчи Эринес Оторбаев жана БАЭдеги Элчи Чынгыз Эшимбеков менен саясий, инвестициялык, соода-экономикалык, энергетикалык, айыл чарба, туризм тармактарындагы өз ара аракеттешүүгө тийиштүү негизги багыттар белгиленип, Президенттин бул өлкөлөргө алдыда боло турган визиттерине даярдык көрүү маселелери талкууланды
Батыштын өлкөлөрү менен болгон кызматташууда кызыкчылык туудурган экономикалык тармактар катары Президент кайра иштетүү, жеңил жана тамак аш өнөр жайын, энергетиканы жана туризмди атады.
Ал араб өлкөлөрү менен кызматташууда болгон экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүк толугу менен колдонулбай жатканын айтып, аймактарды өнүктүрүү боюнча долбоорлорго каражаттарды тартуу зарылдыгын белгиледи.