Учурда, Жогорку Кеңеште эл аралык комитет чек арадагы чыккан чыр боюнча өкмөттүн отчётун угуп жатат. Бүгүнкү жыйын өкмөттүн сунушу менен жабык эшик аркасында өткөрүлүүдө
Белгилей кетсек, 14-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында бир топ депутаттар кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча тийиштүү органдардын маалыматын угууну талап кылышкан. Маселе добуш берүүнүн жыйынтыгы менен күн тартибине киргизилип, депутаттар аны жабык эшик артында талкуулаган болчу