АЯНТТА “УЛУТТУК БАШ КИЙИМ” СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨСҮ АЧЫЛДЫ

405

Борбордук Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамына карата “Улуттук баш кийимдердин” сүрөт-көргөзмөсү ачылды. Жалпысынан Табылды Кадырбеков тарткан 50 сүрөт коюлуп, анда кыргыздын ак калпак, тебетей жана элечектин түрлөрү чагылдырылган.

Уюштуруучулардын айтымында, улуттук салттуулукту жайылтууга арналган бул иш-чарага бир жыл даярданышкан. Сүрөттөрдө жаш курагына карата кийилген калпактар тууралуу баяндалат. Кыргызстандын кайсы аймагында жана уруулар арасында кандай баш кийимдер колдонулган жана алардын айырмачылыктары боюнча кененирээк маалымдалат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь