Бузуку аракеттерге жол бербегиле! Президент Баткен окуясы боюнча кеңешме өткөрдү(Сүрөт)

183

Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-мартта Баткен областындагы чек арадагы абал боюнча өлкөнүн күч органдары менен кеңешме өткөрдү. Ал чыр-чатакты болтурганы үчүн калк арасында алдын ала жеткиликтүү иш жүргүзбөгөн күч түзүмдөрүнүн ишин сынга алды.

Баткен облусундагы абал боюнча өкмөттүн күч болгун көзөмөлдөгөн Жеңиш Разаков маалымат берди. Анын айтымында, тажик тарап менен Баткен облусунда чек ара маселелерин жөнгө салуу боюнча 5 күндүк сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү

«-Тажик тарап менен сүйлөшүүлөр конструктивдүү маанайда өттү. Биз укук коргоо, прокуратура, жергиликтүү бийлик органдарына, коңшу областтардын губернаторлоруна окуяларды иликтөө жана эки өлкөнүн жарандары жашаган көчөлөрдү патрулдоо боюнча биргелешкен иш жүргүзүү милдетин койдук. », — деди Жеңиш Разаков.

Ал кошумчалагандай, адамдардын тоскоолсуз ары-бери өтүүсү үчүн ар кандай чек ара посстору алынып салынды. Ак-Сай айылына алып баруучу айланма жолдун курулушу аягына чыгарылат, ал ортодогу жалпы жол болот жана андан Кыргызстандын да, Тажикстандын да жарандары пайдалана алат. Ошондой эле Баткен районуна караштуу үч айылдын мал-жандыктарын айдап өтүү үчүн Ак-Сай- Тамдык жолу курулат.

Мамлекет башчысы чек ара боюндагы аймактарда социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү жана калктын талаптарын өз убагында чечүү зарылдыгын өзгөчө баса белгиледи.

«-Өлкөдөгү бейпилдик жана тынчтык чек арадагы туруктуулукка байланыштуу болот. Кандай кырдаал түзүлбөсүн, озунуп иштеп, жергиликтүү бийликтин жана калктын өкүлдөрү менен биргелешип маселелерди чечүү зарыл. Ар кандай бузуку аракеттерге жол бербегиле», — деп белгиледи президент С.Жээнбеков.

Эске салсак, 13-март күнү Баткен районунун Ак-Сай жана ворух анлавынын Мехнат-Абад айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Кыргыз тараптын Аксай-Тамдык авто жолунун курулушуна тажик жарандары каршы чыгуусу жаңжалга себеп болгон.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь