Ми-8 аскер учагынын кырсыкка учураган видеосу жарыяланды(ВИДЕО)

286

2018-жылдын жай айында Кыргызстандын Түштүк Эңилчек тоолорунда Ми-8 аскер учагынын кыйраган учуру тасмага түшүп калган.

Маалыматка ылайык, кырсык болгон учурда тик учактын ичинде 2 немец жараны, 4 поляк, 3 япон жараны, ошондой эле экипаж мүчөлөрү, гид жана медицина кызматкери болгон. 4 киши оор, 6 киши жеңил жаракат алган.

Эскерте кетсек, былтыр 9-июлда аскерий тик учак Ми-8 МТВ Түштүк Эңилчек тоолорунда кыйроого учураган. Башкы штаб алгач аскер техникасы альпинисттерди куткарууга жиберилген болчу деп айтканы менен, кийин турфирманын тапшырыгы менен туристтер үчүн азык-түлүк жана дары-дармек жеткирип баратып кулап түшкөнүн мойнуна алган.

Булак “Апрель”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь