Ошто окуучулар кургак учуктун ачык түрү менен жабыркадыбы?

485

Фейсбук колдонуучусу Хулькар Исамова аттуу жаран, өзүнүн баракчасына Ош облусундагы С.М Киров атындагы мектептин окуучулары кургак учуктун ачык түрү менен жабыркап жатканы тууралуу билдирүү тараткан. Анын маалыматында, 1 окуучудан кургак учук башка билим алып жаткандарга дагы жуккан. Бирок бул боюнча жергиликтүү билим берүү бөлүмү көңүл бурбай жатканын дагы кошмчалаган

Бул факты боюнча “Eldik.Media” порталы Ош облусунун билим берүү мекемесине окуянын чоо-жайын билүү үчүн кайрылганыбызда алар маалыматты тастыкташты.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулчусу Тынчтык Бекташов “Бул катталган окуя боюнча тиешелүү кызматкерлер иш алып барган. Окуучулардын саламаттыгы текшерилип, дарыланып чыгышкан. Учурда барынын абалы жакшы” деп билдирди

Бекташов өз сөзүндө кургак учук тууралуу маалымат түшкөндөн тартып чукул иш жүргүзүлүп, чара көрүлгөнүн кошумчалады

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь