Парламент өкмөттүн отставкага кетишин талап кылды. Бүгүнкү Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында чек ара маселеси боюнча депутаттар өкмөт башчынын жыйынга катышуусун талап кылышты.
Өз кезегинде вице-премьер-министр Жеңиш Разаков премьер-министр иш сапар менен Ошко кеткениндигин маалымдады. Эл өкүлү Карамат Орозова мындай маанилиүү иштер болуп жатканда өкмөт башчынын Жогорку Кеңешке келбегендигин, депутаттарды тоготбогондугу деп бааларын айтты.
Ал эми эл өкүлү Төрөбай Зулпукаров регламент боюнча алдын ала чакырыш керек экенин билдирип, премьер-министрге алдын ала чакыруу жөнөтүлгөнү боюнча Төрагага тактап берүүнү суранды. Аны менен катар кесиптештерин бүгүнкү өкмөт башчынын жыйынга катышпаганын саясатташтырбоого чакырды