Төрага Дастан Жумабеков Атамбаевке катуу айтты (ВИДЕО)

362

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Төрага Дастан Жумабеков Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Аксы окуясын эскерүү үчүн уюштурулган митингде сүйлөгөн сөзү боюнча жалпы депутаттардын атынан жооп берди:

“Урматтуу Алмазбек Шаршенович сиз айтып жаткан кландык башкаруу 2002-жылы Аксыда кан төгүү менен аяктаган. Өлкөнү сиз жетектеген аралыгында жакшы кадамдар болду аны танбайбыз. Бирок көптөгөн терс көрүнүштөр орун алып, коррупциялык иштер катталып, кыргыз эли карызга батты. Тилекке каршы, бул айыптардын бары сиз башкаруудан кеткенден кийин байкалып отурат.”деди Жумабеков

Дастан Жумабеков парламенттин депутаттарына болгон Атамбаевдин пикирине, эл өкүлдөрү сын пикирлерди туура кабыл алабыз деген жооп узатты

“Ал эми сиз мыйзам алдында баары бирдей экенин унутпай, айыбы ачылса бардыгы жооп берээрин эстен чыгарбаныз” деп кошумчалады Төрага

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь