Чукул кабар: Ошто май куюучу станция жарылды

354

Ош шаарындагы май куюучу станциядан (АЗС) өрт чыкты. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, өрт Петров көчөсүнүн №47 үйүнүн жанында май куюучу станциядан (АЗС) чыккан.

Өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү кечки саат 20:16да өрт өчүрүү кызматына түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 бөлүм тартылган. Мындан сырткары Штаб, ӨКМдин алдындагы Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун ыкчам тобу, тез жардам кызматы, ИИМ кызматкерлери тартылган.

Алдын ала маалымат боюнча кырсыктан жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь