Казакстандын эми мурунку президенти болуп калган Нурсултан Назарбаевдин кызматтан кетүүсүн калк кандай кабыл алды? Көпчүлүк социалдык тармактын колдонуучулары Назарбаевдин кызматын тапшырганын кайгыруу менен кабыл алышып, ага ыраазычылыгын билдиришүүдө. Мындай кабарды уккан жаш балдардын ыйлаган видеосу дагы чыкты.
Ошол эле учурда Назарбаевди туура убакта кеткендигин, эми эстафетаны Лукашенко менен Путинге өткөрө кетсе деген дагы жарандар абдан көп.