Якутияда мигрантты тапанча менен коркуткан жаран кармалды. Бул боюнча Znak.сom маалымдады. Маалыматка ылайык, мигранттар иштеген соода-сатык жайларга барып бейбаштык кылган адамдардын топтору дагы колго түшүрүлүп, иликтөө иши жүрүп жатат. Кыргыз диаспорасынын өкүлү Жазбек Бекболиевдин айтымында жалпысынан 5 мигрантка кысым көрсөтүлүп, ур-токмокко алынган
Мындай окуянын баары, Якутиянын жараны кыргыз мигранты тарабынан зордукталды деген маалыматтан соң башталган.
Интернет айдыңында, “Зордуктоо жана урдоо болгон эмес, арыз жазган 36 жаштагы аял менен мигрант көптөн бери сүйлөшүп, карым-катнашта болуп жүрүшкөн” деген маалыматтар дагы айтылууда