7 килограммдык алп бала төрөлдү

299

Америкалык аял салмагы жети килограммга жакын наристени жарык дүйнөгө алып келди. Бул тууралуу “Барометр” сайты жазды.

Маалыматка ылайык, ымыркай Нью-Йорк штатындагы Элмир шаарындагы төрөт үйлөрүнүн биринде 12-мартта жарык дүйнөгө келген. Анын салмагы 6,9 килограмм, бою-59 сантиметр. Дарыгерлер алардын иш практикасында мындай уникалдуу учур алгачкы жолу катталганын моюндарына алышты.Негизинен наристелер алты-жети килограмм салмакка алты ай болгондо жетиши керек.

Кыздын энеси Джой Баклиге үч дарыгер кесарево операциясын жасашкан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь