Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн жүк ташуучу унаалардын саны өсүдө

627

Кыргыз-казак чек арасынын “Ак-Тилек” өткөрүү пунктунда Кыргызстандан бара жаткан жүк ташуучу унаалар узун кезекке туруп калды. Бул тууралуу КРдин Чек ара кызматынан кабарланды.

Билдирмеге караганда, мындай көрүнүш 19-мартта 20.00дөн тарта башталды.

“Казакстандын чек арачылары тарабынан унааларды текшерүү мөөнөтү узартылгандыктан, кезек күткөндөр көбөйүп кетти. Бүгүн, 20-мартта, саат 9.00дө өтө албай турган фуралардын саны 90го жетти”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле казак тарап саатына 4-5 унааны текшерип жатканы кошумчаланды.

Эки өлкөнүн чек арасындагы башка өткөрүү пункттарында мындай көрүнүш жок.

Ал эми Кыргызстандын чек арачылары коңшуларды эч тоскоолдуксуз өткөрүп жатканы кошумчаланды.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь